• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров Тажикстанга учту. Аны коштоп кеткен делегациянын курамы…

15 Аяк оона 2021 20:10 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук Кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) отурумуна катышуу үчүн Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапар алкагында Садыр Жапаров 16-сентбярда ЖККУнун саммитине катышып, анда мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү жана уюмдун сессия аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө пикир алмашышат. Ошондой эле алдыда Армениянын ЖККУдагы төрагалыгы мезгилиндеги уюм ишмердүүлүгүнүн алгылыктуу багыттары жөнүндө маалыматты угушат.

Андан соң 17-сентябрда арезидент ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат. Жыйындын күн тартиби ШКУнун ишмердүүлүгүнүн 20 жылдагы негизги жыйынтыгы, уюм алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги, пандемиянын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен кадамдар, ошондой эле регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин камтыйт.

ЖККУ жана ШКУ саммиттери Тажикстан Республикасынын төрагалыгында өтөт.

Мындан сырткары мамлекет башчысы Садыр Жапаров ШКУ жана ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин делегация башчыларынын Афганстандагы кырдаал боюнча биргелешкен жолугушуусуна катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

–тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

— Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустенбеков;

— Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;

— Кыргыз Республикасынын коргоо министри Бактыбек Бекболотов;

— өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи, ШКУда Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор Казыбек Көчкөнов.

Количество просмотров: 633