• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров: Текебаевдин Баш мыйзамы менен 10 жыл жашап, 30 жыл артка кеттик

7 Бештин айы 2020 11:26 Бишкек Govori.TV

Премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров 7-декабрда фейсбуктагы жеке баракчасына 2010-жылы кабыл алынган Конституцияны «Өмүрбек Текебаевдин Баш мыйзамы» деп атап, Кыргызстан ал Конституция менен 10 жылда 30 жылга артка кеткенин жазды.

“Өмүрбек Текебаедин “Азаттык” радиосуна берген маегин көрдүм. “Садыр Жапаров сунуштап жаткан баш мыйзамдын долбоору боюнча 30 жыл артка кетебиз” дептир. Тескерисинче Текебаевдин Баш мыйзамы менен 10 жыл жашап, 30 жыл артка кеттик. Муну бүгүнкү жашоо-турмушубуз айдан ачык далилдеп отурат. Бир адамдын жеке кызыкчылыгы үчүн жазып алган Баш мыйзамы жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштебеси тастыкталды. Партиялык шайлоо менен келген парламенттик башкаруу системасы, Кыяз Молдокасымов агабыз айткандай, кызылдай эле бизнеске айланып кетти.

Партиянын биринчи ондугуна кирген киши 1 миллион доллардан баштап, арты эки жүз миң долларга чейин берип, Жогорку Кеңешке депутаттык мандатты сатып алып, парламентке келип жатышты. Бул элдин баары билген кашкайган факт. Тагыраак айтсам, Жогорку Кеңешке ар бир орун 200 миң доллардан баштап, 1 млн долларга чейин сатылып калган. Эл дагы добуштарын сата баштады. Себеби Текебаев түзгөн башкаруу система ушул абалга алып келди. Биз бул балээни жок кылып жатабыз. Мындан ары добуш сатып алуу түп тамыры менен жок болот.

Добуш сатып алган депутат кантип эл үчүн иштейт? Тескерисинче, шайлоодо короткон акчасын беш жыл бою толуктап эле тим болбостон, аны эки-үч эсе көбөйтүп алуунун жолун издейт. Муну он жылдан бери көрүп келатабыз го. Ошондуктан мамлекетти жок кылууга алпара турган бул системаны сындырып, бир кишинин эмес, бүткүл элдин, мамлекеттин пайдасына иштей турган Баш мыйзам түзүп кетели.

Бул Баш мыйзам беш-он жыл сайын алмашылбаган, керек болсо жүз жыл бекем иштеген Баш мыйзам болсун деп жатабыз. Албетте, жашоо-турмуш өзгөрүп турат. Ошондо да кайра-кайра эле Баш мыйзам өзгөртөбүз деп эки жаат болуп кайым айтыша бербей, майда-чүйдө эрежелерди конституциялык мыйзамдар менен жөнгө салып туралы деп жатабыз.

2010-жылдагыдай азчылык «силер кимсиңер, силер эч ким эмессиңер»д ебестен, аялдардын, жаштардын да укуктуу кызыкчылыктарын камтып, парламентке депутаттар 35 можаритардык, 55 пропорционалдык шайлоо менен келишсин деп атабыз. Адам укуктарын коргоону күчөтөлү, сөз эркиндигин да катуу коргогон нормаларды киргизгиле деп жатабыз”, – деп жазган ал.

Эске салсак, Кыргызстанда 2010-жылы апрель окуяларынан кийин парламенттик башкарууга багыт алган Конституция кабыл алынган.

Быйыл 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун буйругу менен 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлүп, ишин баштаган.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат. Ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

Количество просмотров: 353