• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров Токаевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

21 Жетинин айы 2022 11:30 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-ноябрда Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүү учурунда президент Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, анын жеңиши казак элинин колдоосу менен ишениминин маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи. Шайлоонун жыйынтыгы Касым-Жомарт Токаевдин жаңы мамлекетти курууга, экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана казак элинин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган саясий багытын колдоорун тастыктады.

Садыр Жапаров Казакстандын президентине чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми боордош казак элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Мындан тышкары, өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы келечегин, аймактык кызматташтык маселелерин, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 9-декабрына Бишкекте өткөрүү белгиленген Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин алдыдагы жыйынына даярдыктарды талкуулашты.

Количество просмотров: 87