• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров Венгриянын бизнесмендерин Кыргызстандагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды

14 Бирдин айы 2023 15:22 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда Будапештте өткөн Венгер-Кыргыз бизнес-форумуна катышты.

Иш-чарага Венгриянын экономикалык өнүктүрүү министри Мартон Надь, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилери, ошондой эле Кыргызстандын жана Венгриянын туризм жана курулуш, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, фармацевтика, энергетика, өнөр жай өндүрүшү ж.б. тармактарынын өкүлдөрүнөн турган 100гө жакын ири компаниялар катышты.

Форумдун ачылышы Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган видеоролик менен башталды.

Андан кийин мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Урматтуу Мартон Надь мырза,

Урматтуу бизнес-форумдун катышуучулары,

Айымдар жана мырзалар,

Алгач сөзүмдү бүгүнкү венгер-кыргыз бизнес-форумунун жалпы катышуучуларына салам жолдоодон баштагым келип турат.

Кыргыз Республикасынын делегациясына көрсөтүлүп жаткан жылуу меймандостугу үчүн Венгриянын жетекчилигине, Мартон Надь мырзага жана боордош венгер элине терең ыраазычылык билдирем.

Аз убакытыбыз болсо да, биз Европанын бермети болгон ажайып кооз Будапешт менен таанышып, анын архитектуралык кереметтерине, илим менен техниканын прогрессине, ошондой эле динамикалуу өнүгүп жаткан экономикасына суктанууга жетиштик.

Азыр болсо Венгер-Кыргыз бизнес-форумунун аянтчасында сиздер менен бирге чогулуп, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алганыбызга кубанычтабыз.

Урматтуу форумдун катышуучулары,

Кыргызстан менен боордош Венгриянын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелери тарыхый, маданий жана руханий байланыштарга негизделген.

Мындан отуз жыл мурда ушул бекем пайдубалга түптөлүп, айрыкча, акыркы жылдары өнүгүп, стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине жеткен мамлекеттер аралык мамилелер жүрөктөрүбүздө терең канааттануу сезимин жаратууда.

Бүгүнкү иш-чара Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда гана эмес, Кыргызстан жана Европа Биримдиги менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн да маанилүү.

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча 2021-жылы уставдык капиталы 50 миллион доллар болгон Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун түзүлгөнүн белгилей кетүү маанилүү.

Фонддун ишмердүүлүгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана бизнес-секторуна финансылык колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Учурда жалпы суммасы 26 млн АКШ долларын түзгөн конкреттүү бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

Долбоорлор аркылуу биз өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсү жана экономикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн жакшы натыйжаларды көрөбүз деп ишенем.

Урматтуу бизнес-форумдун катышуучулары!

Ошону менен бирге Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү толук колдонула элек деген ой келбей койбойт.

Мисалы, эки өлкөнүн соода алмашуусу боюнча айтып кетсем, 2022-жылдын 11 айында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 7,6 млн АКШ долларын эле түздү.

Демек, соода-экономикалык жана өндүрүштүк-инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы импульс берүү маанилүү.

Бул багытта жакынкы жана алыскы рынокторго органикалык продукциянын экспортун илгерилетүүгө биздин колубузда бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Кыргыз Республикасынын чоң экспорттук дараметине карабастан, биз агро-өнөр жай комплексинде жаңы технологияларды колдонуу боюнча Венгриянын тажрыйбасына кызыкдарбыз.

Мындан сырткары, Венгрия Европа Биримдигинин мүчөсү катары Кыргыз Республикасына ВСП+ алкагында тарифтик өзгөчө жеңилдиктерди берерин белгилейм. Башкача айтканда, Кыргызстандын продукциясын Венгрияга эч кандай алымдарсыз экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар.

Ушуга байланыштуу Венгрияда Кыргызстандын соода үйүн ачуу, өндүрүштү көчүрүү жана Кыргызстандын аймагында экологиялык таза продукцияларды чыгаруу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайм.

Экспорттук дараметтин артыкчылыктарынан кийин биздин өлкөлөр мүмкүн болушунча соода, инвестиция жана башка тармактарда экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүсү зарыл.

Урматтуу форумдун катышуучулары,

Биз Венгриянын бизнес секторун туризм, энергетика, агро-өнөр жай комплекси жана өнөр жай өндүрүшү жаатындагы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырабыз.

Азыркы мезгилде энергетика ийгиликтүү жана туруктуу өнүгүүнүн маанилүү фактору болуп калганы баарыбызга маалым.

Кыргыз Республикасы «таза» энергетиканы киргизип, жайылтуу чөйрөсүндө кызматташууга өзгөчө кызыкдар. Учурда Кыргызстан өзүнүн гидроэнергетикалык дараметинин 10 пайызын гана пайдаланып жатат. Бул көрсөткүч боюнча республика КМШ өлкөлөрүнүн арасында үчүнчү орунда турат.

Бул жагдайды кескин түрдө оңдоо үчүн, биз бардык күч-аракетибизди жумшап, акыркы эки жылдын ичинде гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду ишенимдүү жылдырып баштадык.

Кыргызстанда гидроэнергетика, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык суу энергиясы сыяктуу кайра жаралуучу энергия булактары үчүн чоң дарамет бар.

Биз венгриялык компанияларды бул долбоорлорго, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чакан, орто жана ири ГЭСтердин курулушуна өздөрүнүн катышуусун карап көрүүгө чакырабыз.

Урматтуу форумдун катышуучулары,

Кыргызстан укмуштуудай кооз, таза жаратылышы бар өлкө, анын аянтынын 94 пайызын тоолор түзөт.

Өлкө туризм тармагында эбегейсиз дараметке ээ жана жылдан жылга көптөгөн европалык туристтерди кызыктырып жатат.

Мен өлкөнүн туризм тармагындагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга, атап айтканда лыжа базаларын, мейманканаларды куруу, ден соолукту чындоо мекемелерин реконструкциялоо жана башка долбоорлордо активдүү кызматташууга чакырам.

Мындан сырткары, эки мамлекеттин туризм жана соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүү максатында, биздин өлкөлөр ортосундагы түз аба каттамдары эртерээк ачылышы абдан маанилүү.

Урматтуу Мартон Надь мырза!

Урматтуу коноктор жана форумдун катышуучулары!

Кыргыз Республикасы экономикалык, илимий, гуманитардык кызматташууга, Венгриянын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен ар дайым байланышууга ачык.

Форумдун алкагындагы талкуулар биздин ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет деген үмүттөбүз.

Мен венгрия бизнесин биздин ишкерлер менен активдүү иштешүүгө, тил табышууга жана өз ара пайдалуу долбоорлорго инвестиция салууга чакырам.

Сөзүмдүн аягында, венгер досторубузга кыргыз делегациясын кабыл алганы жана Кыргыз Республикасы менен кызматташууну чыңдоого кызыккандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Бүгүнкү жолугушуу ишкердик өнөктөштүктү чыңдоого чоң салым кошуп, венгер-кыргыз мамилелеринин өнүгүшүнө мындан аркы түрткү берерине ишеним билдирем”.

Количество просмотров: 66