• Жума 12 Баш оона 2022
  • Пятница 12 Август 2022

Жапаров Ысык-Көлгө барат

1 июля 2022 в 16:30 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, Ысык-Көл облусуна барат.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өлкө башчысы «Каракол — КМШнын 2022-жылдагы маданий борбору» эл аралык программасынын расмий ачылышына катышат.

Иш-чара УТРК жана республикалык телеканалдардын түз эфиринде чагылдырылат.

Түз эфир 21:00дө башталат.

Количество просмотров: 73