• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Жапаров өзүнүн администрациясын түздү

7 Бугу 2021 15:53 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде президент менен өкмөттүн мЖапаров озунун администрациясын туздуурунку аппараттарынын базасында Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясы түзүлдү.

Ошондой эле, мамлекет башчысынын жарлыктары менен:

— Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Сатыев Медербек Асанбекович — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Зулпиев Бектур Рысбаевич — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Асанкулов Жеңишбек Асанкулович — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Количество просмотров: 479