• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров Өзгөндөгү фестивалга катышты

18 Аяк оона 2021 9:03 Бишкек Govori.TV

«Ата-бабалардын мурасына аяр мамиле кылуу, улуу муундардын жолун улоо, улуттук жана тарыхый каада-салттарды сактоо — бул баарыбыз жапа тырмак жасай турган негизги милдеттер», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн шаарындагы «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестивалында.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө, мезгил менен доор алмашканына карабай тарыхый-маданий мурастарыбыз муундан муунга  улуттун алтын казыгындай болуп көөнөрбөстөн мурас болуп кала берерин белгиледи.

Президент белгилегендей, «Өзгөн» тарыхый комплекси  — Кыргыз кереметтеринин бири. Ал — орто кылымдардагы бабаларыбыз Карахандар доорундагы X–XI кылымдарга таандык байыркы тарыхый эстелик.

Ал тарыхый-маданий мурастарга, улуулардан калган зор энчибизге астейдил мамиле жасоо — ар бирибиздин парзыбыз экенин белгиледи. Президент өлкөнүн тарыхый-маданий мурастары — улуттук маданияттын абдан маанилүү бөлүгү,  мамлекеттин маданият саясатын түптөй турган принциптердин түзүүчүсү, улуттун өзүн-өзү аңдап билүүсүнүн өзөгү болуп саналарын кошумчалады.

Садыр Жапаров Кыргызстандын улуттук тарыхында жана маданиятында өзгөчө мааниге ээ тарыхый, археологиялык, архитектура жана шаар куруу, монументалдык искусствонун 2 миңдей эстелиги бар экенин, алардын 583ү өлкөбүздүн республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргенин белгиледи.

Анын айтымында, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси, «Красная Речка (Невакет)», «Ак-Бешим (Суяб)» шаар чалдыбарлары жана «Бурана» мунарасынын республикалык археологиялык-архитектуралык музей комплекси киргизилген.

 Мамлекет башчысы эми ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине «Өзгөн» тарыхый комплексин 2025-жылга чейин киргизүү боюнча тийиштүү жумуштарды аткаруу зарыл экенин белгиледи. Ал үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тиешелүү талапка ылайык номинациялык файл жазып, фильм тартып жана башка тийиштүү иш-чараларды аткаруусу керек.

Президент Садыр Жапаров  «Өзгөн-Мунара-2021» иш-чарасынын уюштуруучуларына алардын элдин руханий, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн  чоң ыраазычылык билдирди.

Количество просмотров: 320