• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров жана ФИФАнын башчысы КФС жаңы административдик имаратын ачышты

5 Бугу 202316:01 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Кыргыз футболдук союзунун (КФС) жаңы административдик имараты ачылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жетекчиси Жанни Инфантино катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө КФБнын жаңы административдик кеңсесин куруу долбоору ФИФАнын спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө көрсөткөн жардамы экендигин баса белгиледи.

Президент ошондой эле Кыргыз футболдук союзунун өлкөдө футболду мындан ары да жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча конкреттүү пландары бар экенин кошумчалады.

Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик имараты ФИФА долбоорунун колдоосу менен курулган.

Количество просмотров: 110