• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров Жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин күнү менен куттуктады

12 Баш оона 2021 9:06 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-августта, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы — Жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Мекен коопсуздугунун, тынчтыгынын, бейпилдигинин кадыр-баркын билген, өз бүтүндүгүнүн камын жеген мамлекет үчүн кылмыштуу чөйрөнү коомдон обочолоо эң маанилүү милдет болгон жана болуп кала берет. Ал эми коомго коркунуч келтирген кылмышкерлерди жаза өтөө жайларында кармоо жана кайтаруу, аларды мыйзам жолуна салуу, түзөтүү жана кайра социалдаштыруу эрдикти, чыдамкайлыкты, чыныгы кесипкөйлүктү талап кылган татаал жана күжүрмөн кызмат.

Кыргыз Республикасынын укук коргоо тутумунун маанилүү бутагы болгон Жазаларды аткаруу тутуму бүгүнкү күндө мамлекетибизде жүрүп жаткан соттук-укуктук реформанын активдүү катышуучусу. Бул багытта баарыбыздын максатыбыз бир – адам укуктарын жана эркиндигин камсыз кылган, күчтүү, өнүккөн Кыргызстанды куруп, элибизге бакубат турмушту алып келүү.

Аталган реформаны ишке ашыруу — Кыргызстанда жасалчу иштердин эӊ артыкчылыктуу багыты деп эсептеймин. Анын натыйжасында күтүлүүчү өзгөрүүлөр — мамлекетибизди, анын көз карандысыз сот системасын, укук коргоо органдарын бекемдөө жолундагы маанилүү белес. Ушуга байланыштуу ар бир укук коргоо органы, анын ичинде, жазык-аткаруу тутуму, аныкталган так стратегиялык милдеттерине жана жоопкерчилик зоналарына ылайык тийиштүү иштерди талаптагыдай аткарууда деп ишенгим келет.

Кызматтын өзгөчөлөгүнө байланышкан оорчулукка, тобокелдиктердин болушуна карабастан, Сиздер мамлекеттин тынчтыгын көздөп, жарандардын коопсуздугун коргоп, жогоруда аталган милдеттерди аткарып келесиздер.

Ошол эле мезгилде мамлекет тарабынан да кызматкерлерге материалдык дем берүү, жашоо деңгээлин көтөрүү, алардын тиричилик муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын канааттандыруу багытында да аракеттер көрүлүп келе жаткандыгын белгилеп кетким келет. Бул аракеттер мындан ары да улантылат.

Бүгүнкү майрамдын ээлери болгон кызматкерлердин арасында өз кесибин мыкты билген, кыраакы, тайманбас, кайраттуу, чыныгы офицерлер менен катар таланттуу, демилгелүү, мекенчил жаш кадрлар кызмат өтөп жаткандыгын белгилеп кетким келет.

Жазык-аткаруу тутумунун урматтуу кызматкерлери, өлкө тагдыры үчүн ар бирибиз жоопкербиз. Күн сайын ак эмгегибиз менен балдарыбыздын жаркын келечегине, Кыргызстаныбыздын өнүгүп өсүшүнө жол салалы!

Баардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, жооптуу жана сыймыктуу кызматта жаңы ийгиликтерди каалайм!»

Количество просмотров: 101