• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жапаров: Жээнбеков менен сүйлөшүүлөр эртең менен саат 11:00гө чейин уланат

14 Тогуздун айы 202021:09 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Садыр Жапаров Өкмөт үйүнүн алдына чогулган эл алдына чыгып сөз сүйлөдү.

“Сиздердин талабыңыздарды 100% аткарам, сиздердин көмөгүңүздөр менен мени бекитти. Ал эми Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөрдүн акыркы мүнөттөрү калды, сүйлөшүү эртең менен саат 11:00гө чейин уланат. Саат 12-13:00дө бүтөт. Ошого чейин акыркы жолу суранамын бир күн күтүп коюңуздар. Эгерде бүтпөсө мен жоопкерчиликти албайм. Эртеңкиге чейин тарап бериңиздер”,– деп кайрылды.

Ал эми чогулган эл учурда тарабайбыз деп, нааразычылык акциясын улантып жаткан чагы.

Количество просмотров: 200