• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров: «Жекшемби сайын митинг уюштургула» деп буйрук берген күчтөрдү билебиз

13 Бирдин айы 2021 23:58 Бишкек Govori.TV

«Кыргызстанга бүлүк салгыла, жекшемби сайын митинг уюштургула» деп буйрук берип турган күчтөрдү да билебиз. Бул тууралуу 13-февралда президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирген.

«Ар бир иштин бүтчү күнү болот. Ар кайсы күчтөр же алардын артында акча каражат менен камсыздап, «Кыргызстанга бүлүк салгыла, жекшемби сайын митинг уюштургула» деп буйрук берип турган күчтөрдү да билебиз. Баары толук көзөмөлүбүздө. Ошолордун жетегине кирип кетпегиле. Баш аламандык болуп кетсе алар элдин тагдырына жооп бербейт»,-деп билдирген Жапаров.

Количество просмотров: 7516