• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жапаровду Түркмөнстанга кимдер коштоп кетти? (делегациянын курамы)

5 Баш оона 2021 14:25 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Түркмөнстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү аймактык кызматташуу маселелери, ошондой эле коронавируска каршы күрөшүүдөгү биргелешкен чаралар талкууланат.

Сапардын алкагында  Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева;

— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров;

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

— Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Талант Султанов;

— ички иштер министри Улан Ниязбеков;

— энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев;

— транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев.

Количество просмотров: 1544