• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жапаровдун кеңешчиси Сулайманов суракка чакыртылат

1 Бирдин айы 2022 15:58 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратурага Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов суракка чакырылат. Бул тууралуу маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Башкы прокуратура тергеп жататкан чек ара маселеси боюнча Нурлан Сулайманов дагы күбө катары суракка чакырылат.

Эске салсак, ал 2005-2010-жылдары транспорт министри кызматын аркалаган. Учурда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болуп саналат.

Башкы прокуратурадагы кыргыз-тажик чек арасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаров, мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов сурак беришкен.

Количество просмотров: 346