• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Башкы Прокуратура: Нурлан Сулайманов кармалбай жатат

30 Жалган куран 2018 14:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.03.2018.Govori.TV

Экс-депутат Нурлан Сулаймановго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын экономикалык кылмыштарды тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Абай Молдокматов Бишкекте өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, кылмыш ишинин токтотулушу анын издөөдө жүргөндүгү менен байланыштуу.

Башкы прокуратура Сулаймановго ал транспорт министри болуп турганда коррупциялык схема түзгөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») боюнча айып тагылган. Тергөөнүн маалыматы боюнча Сулайманов жол курулушунда 250 млн. сомдук тендерди өз пайдасын көздөп өткөргөн.

2014-жылы Октябрь райондук сотунун чечими менен Сулаймановго издөө жарыяланган.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоо алдында Нурлан Сулайманов Сооронбай Жээнбековдун үгүт иштерине жардам беип Алайда жүргөнүн парламентте айткан. Бирок тиешелүү органдар бул боюнча түшүндүрмө берген эмес.

Ошондой эле, КСДП фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Музаффар Исаковдун иши сотко өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 13-февралында башкы прокурор тарабынан Музаффар Исаковго карата «коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка ылайык, Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген деп айыпталууда.

Ал эми Жогорку Кеңеш депутаты Исхак Пирматовго козголуп, бирок токтоп турган иш боюнча прокуратура өкүлдөрүнүн маалыматы жок болуп чыкты.

Количество просмотров: 47