• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Нурлан Сулайманов учурда кайсы кызматта экени айтылды

18 Үчтүн айы 2022 15:19 Бишкек Govori.TV

Жыйында отурган мурдагы депутат Нурлан Сулаймановдун сүрөттө бети атайын жабылган эмес. Бул тууралуу Govori.TVга Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов бүгүнкү күндө Акылбек Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси.

«Сүрөттөгү Сулаймановдун жүзүн атайы жабуу аракети болгон эмес, анын техникалык түшүндүрмөсү бар. Ал эми аты-жөнү ачык эле көрүнүп турат. Нурлан Сулайманов бүгүнкү күндө Министрлер кабинетинин төрагасынын коомдук башталыштагы кеңешчиси. Белгилей кетсек, коомдук башталгыштагы кеңешчиге мамлекет тарабынан айлык төлөнбөйт, жөн гана консультациялык көмөк көрсөтөт»,-деп билдиришти Министрлер кабинетинен.

Эске салсак, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде 15-январь күнү кеңешме өткөргөн. Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланган маалыматка тиркелген сүрөттө кеңешмеге катышкан бир адамдын бети жабылганы социалдык тармактарда талкууга жем таштап, себеби суроолорду жараткан болчу.

Количество просмотров: 2169