• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Жапаровдун кортежи кырсыкка кабылып, 1 адам каза болду

4 Кулжа 202119:57 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровду коштоп бараткан кортеждин бир автоунаасы Ысык-Көл облусунда кырсыкка кабылып, Улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын бир офицери каза болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаровду коштоп бараткан автоунаа Ысык-Көл районунун Ананьево айылында каршы тилкеге чыга калган жеңил машина менен сүзүшкөн. Алдын ала маалыматта айтылгандай, каршыда келаткан машинанын айдоочусу мас болгон. Кырсыктан үч адам жабыркады.

Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна барары тууралуу маалымат эч жерде айтылган эмес.

Количество просмотров: 353