• Шаршемби 28 Аяк оона 2022
  • Среда 28 Сентябрь 2022

Жапаровдун кортежине кошулган жаңы унаалар боюнча басма сөз катчысы үн катты

6 сентября 2022 в 9:54 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактын колдонуучулары президент Садыр Жапаровдун кортежинде жаңы унаалар пайда болгонун айтып чыгышты.

Бул маселенин айланасында бир катар талкуулар жаралып, президенттин кортежиндеги эки жаңы унаа кайдан жана кайсы акчага келгенин тууралуу суроолор жаралган.

Соцтармактагы билдирүүгө жооп калтырган президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кортежге кошулган жаңы унааларга өлкө казынасынан акча сарпталбаганын айтты.

«Чет элдик өнөктөштөр Мамлекет башчысынын күзөт кызматы үчүн коштоп жүрүүчү эки атайын унааны гранттык негизде беришкен. Мамлекеттик казынадан эч бир каражат кеткен жок», — деп жазды мамлекет башчынын басма сөз катчысы.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 31 жылдыгы Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда болгон. Анда президент Садыр Жапаров бир канча унаанын коштоосундагы кортеж менен келип кеткен.

Количество просмотров: 793

Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө боло алабы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда