• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаровдун президенттик кызматтагы 500 күнүн баяндаган атайы гезит саны басылды

27 Теке 2022 11:53 Бишкек Govori.TV

“Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы жана 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган “Эл кызматында 500 күн” аталышындагы гезиттин атайын чыгарылышын аймактарга таркатууга киришти. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланат.

Маалыматка ылайык, гезит жалпысынан 500 миң нускада “Учкун” ААК басмаканасында басылып чыкты (400 миңи мамлекеттик, 100 миңи расмий тилде). Атайын чыгарылыш үч республикалык гезит – “Эркин-Тоо”, “Кыргыз-Туусу” жана “Слово Кыргызстана” тарабынан даярдалды.

Анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана алардын динамикасы, статистикалык маалыматтар келтирилет. Алсак, “Бюджеттин көбөйтүлүшү”, “Кумтөр кенинин Кыргызстанга кайтарылышы”, “Социалдык тармактагы жөлөк пулдардын жогорулоосу” өңдүү темалар камтылган.

Ошондой эле, өлкө тургундарынын акыркы мезгилдеги өзгөрүүлөргө карата пикирлерине да орун берилген.

Атайын чыгарылыштын саны чектелүү экенин эске алып, “Кыргыз почтасы” ААК кызматкерлери басылманы биринчи кезекте аймактардагы турак-үйлөргө таратышат.

Количество просмотров: 211