• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жапаровго кыргызстандыктардын 80 пайызы ишенет. Сурамжылоонун жыйынтыктары…

13 Теке 2021 10:58 Бишкек Govori.TV

Элдин өлкөнүн жаңы жетекчилигине ишеним деңгээли жогору. Бул тууралуу М-Вектор изилдөө компаниясы жүргүзгөн сурамжылоодо айтылат.

Сурамжылоого катышкандардын 80 пайызы президент Садыр Жапаровго ишенерин айтышкан (буга ишеним арткандар дагы, толугу менен ишенгендер дагы кирет). Мамлекет башчысы берген убадалардын аткарылышына таптакыр ишенбегендердин үлүшү 6 гана пайызды түзгөн.

Респонденттерге ар кандай уюмдарга жана мамлекеттик органдарга болгон ишеним деңгээли жөнүндө дагы суроолор берилди. Алдыңкы үчтүккө армия (72 пайыз), диний уюмдар (53 пайыз) жана өкмөт (53 пайыз) кирген.

Суралгандардын көпчүлүгү саясий партияларга ишенбөөчүлүк көрсөтүшөт (70 пайыз). 69 пайызы парламентке, 61 пайызы сотторго, 51и прокуратурага жана 47си милицияга ишенбейт. УКМКга 49 пайыз ишеним берилген.

Количество просмотров: 940