Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Жапыкеевдин кызматка дайындалганы тууралуу буйруктун сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланды.
Тиешелүү буйрукка Башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койгон. Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалыматты тактап жатканын айтышты.
Буга чейин кызматы жоюлуп кеткен Сыймык Жапыкеевге генерал-майор наамы ыйгарылган.