Укук коргоочу Азиза Абдирасулова тергөө абагында жаткан саясатчы, жарандык активисттердин ачкачылык жарыялап жатканын айтып, алардын тизмесин жарыялады.
Алар:
1. Карасартова Рита Рахмановна;
2. Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
3. Суранова Перизаткан Юлдашалиевна;
4. Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна;
5. Маматаев Улукбек Каламатович;
6. Асанов Бектур Жантөрөевич;
7. Дүйшебаев Кеңешбек Асанбекович.
12-13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакка алынган 23 кишинин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы эки айга — 20-февралга чейин узарткан.