• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жарандар шайлоодо аралыктан добуш бере алышат

22 Аяк оона 202512:42 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы ыктымал парламенттик шайлоону утурлай добуш берүү боюнча мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдүн айрымдары менен тааныштырды.

БШК билдиргендей, быйыл 9-июнда кабыл алынган мыйзамга ылайык “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген.

Алардын бири – аралыктан добуш берүү үчүн онлайн идентификацияны киргизүү. Муну ишке ашыруу үчүн БШК уюштуруу иштерин жана программалык-техникалык камсыздоону даярдап, учурда тесттөө аракеттерин өткөрүүдө.

Онлайн идентификация аркылуу ар бир жаран өзүнүн округунан сырткары каалаган жердеги шайлоо участкасынан аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

“Аралыктан добуш берүү – бул шайлоочулардын туруктуу катталган дареги боюнча шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон учурда жакынкы шайлоо участкасына барып, добуш бере алуу мүмкүнчүлүгү. Бирок шайлоочу өзү катталган шайлоо округунда катталган шайлоо тилкесинде гана добуш бере алат. Бир округдун ичиндеги башка участокко барып добуш берүүгө болбойт”, – деп айтылат БШКнын маалыматында.

Борбордук шайлоо комиссиясы ырастагандай, бул инструмент чет өлкөдө жашаган кыргыз жарандарына добуш берүүсүн жеңилдетүү максатында киргизилген.

Количество просмотров: 97