• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жарандарга акысыз юридикалык жардам берүү боюнча 10 борбор ачылат

6 Бештин айы 202113:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акысыз юридикалык жардам берүү боюнча 10 борбор ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда өткөн маалымат жыйынында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

“Юридикалык жардамды чет өлкөлүк жарандар, качкындар, жарандыгы жоктор дагы ала алат. Ошондой эле керектигине жараша акысыз адвокаттар менен дагы камсыз боло алат. Иш-чарага Юстиция министрлигинин бардык ведомство, мекемелери тартылат. Министрдин өзү дагы катышуусу күтүлүүдө” — деди ал.

Количество просмотров: 110