Журналист, жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу 19-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, Бекчоро уулунун сурагы 19-мартта 10:30да башталат.
Жарандык активист суракка чакырылышына «Ханституцияга каршы» кыймылынын имаратын ижарага алууда расмий тарап катары келишимге кол койгону себеп болушу мүмкүн экенин айткан.