Жарандык активист Улан Үсөйүн милицияга арыз жазды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалым болгондой, активист «Айылдык табышкер» деп аталышындагы долбоор аркылуу Баткенге барганда белгисиз адамдар ага кол салууга аракет кылган.
«Баткенде топтолгон адамдар кол салуу аракетин кылышты. Азыр милицияны күтүп жатабыз»,-деп жазды ал.
Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы активисттин арыз жазганын ырастап, кырдаал көзөмөлгө алынганын билдирди.