• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Жаранга бычак сайган шектүү кармалды

16 Жалган куран 202412:24 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад милициясы адам өлтүрүү фактысынын бетин изин суутпай ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, 2024-жылдын 14-март күнү саат 16:25 чамасында Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында бир баланы башка бир бала учтуу нерсе менен сайып окуя болгон жерден качып кеткендиги билдирилген. Жаракат алган жаран ооруканага жетпей каза болуп калган.

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Жалал-Абад ШИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы жапа тырмак иштөөсүнүн натыйжасында кылмыш ишинин бети изи суутпай ачылган. Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын тургуну 2003-ж.т. А.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

А.И. тергөөдө көрсөтмө берип, сөз талашып уруша кеткендиктен бычак менен каза болгон жарандын далысынын асты тарабына сайып жибергендигин билдирген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 120