• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Жаратылышка зыян келтиргендерге учуучу видеоаппараттын жардамы менен көзөмөл жүргүзүлөт

13 Баш оона 201817:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.08.2018. Govori.TV

Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттиги мындан ары жаратылышка зыян келтиргендер менен дрондун жардамы аркылуу күрөшөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Берилген маалыматка ылайык, учуучу видеоаппараттарды сатып алуу үчүн 2 миллион 453 миң 996 сом бөлүнгөн.
“Учурда Мамлекеттик сатып алуу порталына ачык тендер жарыяланды. Сынакка катышуу үчүн арыздар 31-августка чейин арыздар кабыл алынат. Мындан сырткары дрондун жардамы менен аңчыларга каршы күрөш жүргүзүүдөн сырткары, айлана-чөйрөдө болуп жаткан көрүнүштөр каттоого алынып, токойлордун карталары түшүрүлөт”, — деп билдирди басма-сөз кызматы.
Количество просмотров: 64