• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жардам керек! 21 жаштагы Айтурган изделүүдө

30 Теке 2020 15:46 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан Ош шаарынын 1999-жылдын 6-августунда туулган жашоочусу Айтурган Өмурбековага издөө салынат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы маалымдады.

Анын айтымында, Айтурган Өмүрбекова 2020-жылдын 5-июлунда болжол менен 20:00 чамасында үйдөн чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес. Азыркы учурда анын кайда экендиги белгисиз, бирок айрым маалыматтар боюнча ал Бишкек шаарынын аймагында жүрүшү мүмкүн.

Белгилери: бою 160-165 см, чачы 30-35 см, көздөрү күрөң, жайкы кийимчен.

Айтурган Өмурбекова кайда жүргөндүгү жөнүндө кандайдыр-бир маалыматтарды билсеңиздер милицияга төмөнкү номурларга билдирип коюңуздарды суранабыз: 0551 040202, 0707 040202, 0556566184 же ИИМдин КМКнын нөөмөт бөлүгү 0312 266261.

Количество просмотров: 180