• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Жарыктык киши алжып калыптыр». Жапаров Талгарбековдун айткандарына жооп берди…

10 Кулжа 2022 17:37 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров коомдук ишмер Бекболот Талгарбековдун ал тууралуу айткандарына басма сөз кызматы аркылуу 10-июнда “Азаттыктын” суроосуна жооп берди. Анда президент Талгарбековду сынга алды.

«Өзүн кызматка койбосоң же баласын губернатор кылбасаң эле ушинтип оппозиция болуп чыга келишет. Айланасына абышка-кемпирлерди топтоп алган, «Төртүнчү революцияны мен жасайм да, президент болом” деп жүрөт. Москвага барып акча да издеп келди. Буларга мамлекеттин тагдыры бир тыйын экен. Элди ойлоп да койбойт, анан эле эл деп сүйлөсө жанына киши тура албайт. Бирок жүрөгүндө эл деген кыпындай да мекенчилдик сезими жок», — деп билдирди президент.

Мамлекет башчысы айыл чарба министри болгон мезгилде Талгарбеков Кыргызстандын айыл жана мал чарбасын “талкалап, тыптыйпыл кылып жок кылганын” белгилеп, “ошондон бери айыл чарбасы бутуна тура албай келатат” деген оюн айтты.

«Өткөндө Талгарбеков кабыл алуума жазылыптыр. Аксакал кишини кабыл алып коеюн деп кабыл алдым. Жарыктык киши алжып калыптыр. Бир саат тынбай сандырак сөздөрдү сүйлөп убактымды алды. «Мени кеңешчи кылып ал. Анан мен айткан кишини Нарын облусуна губернатор кылып коюп бер. Мен Акаев мезгилинде биринчи этабын бүтүрүп койгон айыл чарба реформамдын экинчи этабын Нарын облусунан улантайын.» дейт. Аксакал кишини капа кылбайын деп унчукпай ичимен күлүп тим болдум. Анын сөзү мага “Акаев мезгилинде аягына чейин талкалап жетишпей калган айыл чарбасын биротоло күм-жам кылайын” дегендей эле угулду. Сылык-сыпаа узатып койдум. Андан бери эки ай убакыт өттү», — деп кошумчалады президент.

Жапаров Талгарбековдун акыркы маегине көңүл бурбоого чакырды.

9-июнда мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков aryba.kg басылмасына маек куруп, президенттин дарегине сын айткан. Ал өлкөдө кабыл алынган жаңы Баш мыйзам “Садыр Жапаровдун жеке түшүнүктөрүн гана мыйзамдаштырып бергенин”, ал өлкө эгемендик алган алгачкы 10-15 жылда өзүн актаган, бирок андан бери эскирген акимчилик институтка таянып иштеп жатканын айткан. Кумтөр маселеси боюнча азыркы өкмөт утушта экенин, себеби бюджетти көбүрөөк толтурууга мүмкүнчүлүк ачылганын, бирок “кыргыз эли “Центерра” менен түзүлгөн соңку келишимде зор утулушта калганын” белгилеген Талгарбеков Жапаровдун коррупцияга каршы күрөшү тууралуу “президент дайындаган жетекчилерди кармап эле чекесинен камай берсе болот” деген оюн айткан. Ал “Жапаров 1,5 жылдан бери өзүнүн дүйнө таанымы, түшүнүгү менен куруп жаткан мамлекет кыргыз элине жакшылык алып келбейт, өлкө өнүгүү жолуна түшпөйт” жана “Кыргыз элинде Октябрь төңкөрүшүнөн кийин “эми өнүгүү жолуна түшөбүз” деген зор үмүт жаралган. Эмне болду? Эки жылдан бери эч жылыш жок. Экономика оор абалда. Товарлардын импорту экспорттон үч эсе көп. Тышкы карыз алуу уланууда. Жакырчылык, кымбатчылык терең тамырлады” деп, президент өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керек деген пикирин кошумчалаган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 390