• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жасалма акча сатуу менен алектенген шектүүлөр кармалды

4 Бештин айы 2023 11:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында жасалма акча каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинде (Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында Бишкек шаарында трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү, жасалма акчаларды (Түркияда жасалган АКШ доллары) сатуу менен алектенген Кыргыз Республикасынын жарандары Ж.К.А. жана М.К.Т. кармалды.

Тактап айтканда, кармалган адамдар чет мамлекеттердин (Өзбекстан Республикасы жана Түркия) жарандары менен алдын ала сүйлөшүп, КР жана Өзбекстан Республикасынын аймагында жасалма акча каражаттарын алып сатууну жана жүргүртүүнү ишке ашырышкан.

Учурда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын аймагында контрафакттык акча каражаттарын өндүрүү жана сатуу менен алектенген адамдардын кеңири чөйрөсүн (Кыргыз Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Түркиянын жарандары) аныктоо, алардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 158