• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишпей жатат

1 Теке 2020 13:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда өпкөсүнөн кагынып ооруп жаткандарды дарылоо үчүн негизги медициналык жабдыктар жетишпей жатат. 1-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, бүгүнкү күндө жасалма дем алдыруучу аппараттан 220, ал эми кычкылтек концентратынан 2003ү жетишсиз болуп жаткандыктан чет өлкөлөрдөн жардам суралды:

«Бүгүн Орусиядан күтүп жатабыз. 3-июлда Кытайдан келет. Түркия менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Өпкөсүнөн кагынып ооруп жаткандар үчүн жаңы ачылган орундарды медициналык жабдыктар менен камсыз кылуу боюнча иштеп жатабыз».

Каратаевдин айтымында, жасалма дем алдыруучу аппараттан мурда өлкөдө 473ү бар болчу, коронавирус башталганы кошумча дагы 20 даана алынган. Ал эми кычкылтек концентратору 610 болчу, кийин 109у кошумча алынган.

Жалпысынан 18-марттан 1-июлга чейин өлкөдө коронавирус 5735 адамдан табылды, алардын ичинен 62 бейтап кайтыш болду, 2447 бейтап айыгып кетти.

Анализинен коронавирус табылбай, бирок өпкөсүнөн кагынып, оор абалга туш болгон бейтаптардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жатат.

Дем жетпей кыйналгандарга жасалма дем алдыруучу аппарат коюлат. Бул аппараттар кычкылтек концентратору менен иштейт.

Количество просмотров: 107