• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жасалма документтер менен кредит алып, качып кеткен шектүү кармалды

16 Жалган куран 2021 10:46 Бишкек Govori.TV

Москва РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында Сокулук районунун аймагынан алдамчылыкка шектелген жаран кармалган. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүү жаран үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында чакан кредиттик компаниялардын биринин ишенимине кирип, жасалма документтерди берип, 200 000 сом акчасын алып, ошол боюнча из жашырып кеткени тууралуу ички иштер органдарына арыз түшкөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Үстүбүздөгү жылдын 12-март күнү Москва РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Беловодск айылынан жогорудагы кылмышка шектелип 1982-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалган. Ал КР ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган», — деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган жаран Сокулук РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда

Количество просмотров: 180