• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жасалма документтерди жасап саткан деген шек менен чет элдик жаран кармалды

16 Бугу 2022 17:21 Бишкек Govori.TV

Жасалма документтерди жасап саткан деген шек менен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүмү (Документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыштын негизинде 2022-жылдын 11-майында козголгон кылмыш иштин алкагында, Ош шаарындагы жогорку окуу жайларда окуган өзбек жарандарына Кыргызстандын жасалма студенттик электрондук визаларын жана каттоо талондорун системалуу түрдө жасап, сатып жүргөн А.Ш.Р. аттуу Өзбекстандын жаранынын кылмыштуу ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Кылмышка шектүү 12-майда КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошол эле учурда Ош шаардык соту айыпталуучуга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын карады.

Учурда бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 106