• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жасалма доллар саткан. Бишкекте УКТ мүчөсү кармалды

23 Чын куран 2022 9:44 Бишкек Govori.TV

Кылмыштуу топтордун мүчөлөрү тарабынан жасалма АКШ долларын ташуу жана сатуу боюнча эл аралык каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабардады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Жалал-Абад облусунда 1983-жылы туулган Ж.М.Ж. 11,5 миң жасалма АКШ долларын сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү чет мамлекеттердин биринен алып келинген жасалма АКШ долларын сатуу боюнча туруктуу эл аралык канал түзүшкөнү боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

«Кармалган Ж.М.Ж. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 148