• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жасалма шенген визасын даярдоо жана сатуу боюнча эл аралык канал аныкталды

1 Кулжа 2023 11:54 Бишкек Govori.TV

Жасалма шенген визасын даярдоо жана сатуу боюнча эл аралык канал аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ведоствонун маалыматына ылайык, чет элдик жарандарды туристтерге жамынтып, Кыргызстандын аймагы аркылуу Батыш Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз ташуу боюнча эл аралык каналдын уюштуруучуларынын иш-аракеттери аныкталып, ага бөгөт коюлду.

2023-жылдын 30-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында жасалма шенген визасынын негизинде Кыргызстан аркылуу Европага транзит уюштуруп жүргөн негизги уюштуруучулар аныкталды жана мыйзамсыз миграция каналынын уюштуруучуларынын аракеттеринен жабыр тарткан 40тан ашык чет элдик жаран такталды.

Азыркы учурда мыйзамсыз иш-аракеттердин эпизоддору жана жасалма документтерди даярдоого, сатууга тиешеси бар адамдар аныкталууда.

Количество просмотров: 54