• Дүйшөмбү 21 Тогуздун айы 2019

Жаш кыздын өлүмүнө шектелип жаткан дарыгер үй камагына чыгарылды

15 ноября 2018 в 15:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.11.2018.Govori.TV.
Бишкекте № 8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерин үй камагына чыгарышты. Ал жаш кыздын өлүмүнө шектелип жаткан. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалыматка караганда, чечимди Свердлов райондук соту чыгарды.
Эске салсак, октябрда дарыгердин кабылдамасында өспүрүм кыз каза болгон. Алдын ала алынган маалыматка караганда, дарыгердин туура эмес аракетинен кыз анафилактикалык шоктон каза болгон.