• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаш жигит 23 млн. сомдук алдамчылыкка шектелип кармалды

2 Бештин айы 202517:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Биринчи Май РИИБге С.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Анда, 2025-жылдын 14-ноябрында электрондук капчык системасындагы техникалык мүчүлүштүктү пайдаланган белгисиз адамдар акча каражаттарын үчүнчү тараптардын электрондук капчыктарына чыгарып кетип, жалпы 23 млн. сом өлчөмүндө материалдык зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө аракеттери жана ыкчам-техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын КИБнын «К» бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2000-жылы туулган А.Э. аттуу шектүү аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Биринчи Май районунун соту тарабынан шектүүгө карата эки ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Учурда аталган окуяга тиешеси бар башка жагдайларды жана адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 128