• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жайнак Үсөн уулу : НТС телеканалы эфирин бир нече убакытка токтотушу мүмкүн

20 Бештин айы 201711:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.12.17.Govori.TV

Бүгүн НТС телеканалы эфирин бир нече убакытка токтотушу мүмкүн экендигин  аталган телеканалдын башкы директору Жайнак Үсөн уулу билдирди. 

Анын айтуусунда,  саат 11.00дө сот аткаруучулар келип, компаниянын мүлкүн тизмеге алып, имаратты жабышат.

«Окуя кандай болорун айтуу кыйын. Эфирди бир нече убакытка токтотууга туура келет го деп ойлойм. Биздин юристтер азыр сотто. Райондор аралык соттун чечимин жокко чыгаруу аракетин көрүшүүдө», — деди Жайнак Үсөн уулу.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде НТС телеканалына сот аткаруучулар келип, каналдын мүлкүн камоого алуу чечимин көрсөтүшкөн. Ал эфирди токтотуп, кызматкерлерин имараттан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.

Белгилей кетсек,НТС каналы саясатчы Өмүрбек Бабановго таандык экени айтылат.

 

 

Количество просмотров: 18