• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Жеңиш Молдокматов: Мыйзам кабыл алынса, ак үйдүн алдында кезигишебиз!

25 Кулжа 202018:03 Бишкек Govori.TV

“Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына бүгүн ЖКда каралган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө»  мыйзам долбоору тууралуу билдирүү жазып чыкты.

«Сыртта болуп, жаңы шаарга келдим. Сөз эркиндигин чектөөгө байланыштуу мыйзамдын ЖКда каралып жатканы, элдин күчү менен жеткен эркиндигибизге болгон чоң сокку. Тынч турган элди козгоп, тим койбоптурсуңар. Мыйзам кабыл алынса, ак үйдүн алдында кезигишебиз!», — деди ал.

https://www.facebook.com/moldokmatovjenish/posts/973766399741241

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеш «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» талаштуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү. Парламенттин регламентине ылайык, добуш берүү бүгүн – бейшемби күнү жалдпы жыйындын акырында болушу керек.

Документте Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Мыйзам долбооруна каршы активисттер 25-июнда парламент имаратынын алдында митинг өткөрүштү.

Количество просмотров: 46