• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Жеңиш Молдокматовдун жактоочусу шаардык сотко арызданат

10 Бугу 2021 10:07 Бишкек Govori.TV

“Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун жактоочусу Кантемир Турдалиев Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арызданат. Бул тууралуу жактоочу Турдалиев билдирди.

“Молдокматовго алгач Жазык кодексинин “Имараттарды жана курулуштарды басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Аны эми “Массалык башаламандыктар” беренесине которушту”-деди жактоочу.

Эске салсак, Молдакматов 6-майда камакка алынган. Ошол эле күнү эртең менен саат 10:00дө суракка кирип, саат 13:30да чыккан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча айып тагылган. 

Количество просмотров: 72