• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жээнбеков: Атамбаев мамлекетти, мени, өзүн дагы туңгуюкка алып келип салды

25 Бештин айы 2019 19:26 Бишкек Govori.TV

Атамбаев мамлекетти, мени, өзүн дагы туңгуюкка алып келип салды. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков 25-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Жээнбеков мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев туш болгон тагдырына жеке өзү жоопкер деп эсептейт.

«Президент болгондон бери канча айтса да мен бир да сөз айткан жокмун. Себеби мага мамлекеттин, элдин тынчтыгы, биримдиги, бүтүндүгү абийиримен да, тагдырыман да бийик турат. Көңүл бурган жокмун, өзүңөр көрүп жаттыңар. Мамлекетти экиге бөлгөнгө, бийликти басып алганга чакырыктар болуп жатты. Баарына чыдадым, “эми токтоор” деп күттүм. Бирок аягында өзүн да, мени да, мамлекетти да туңгуюкка алып келип салды»,-деп жооп берди Жээнбеков.

Количество просмотров: 232