• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбеков: Бизди түрмө менен коркута албайт

24 Тогуздун айы 2022 19:28 Бишкек Govori.TV

Бизди түрмө менен коркута албайт. Мындай пикирин бүгүн, 24-октябрда саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

«Эркиндигибизден ажыраганга даярбыз. Кемпир -Абад кыргыздын жери. Мен булардан коркпойм»,-деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, азыркы тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда саясатчы Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, Азимбек Бекназаров жана жарандык активисттер Рита Карасартова, Али Шабдандын баш коргоо чарасы каралып жатат.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

24-октябрда Бишкекте бир катар саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондор жөө жүрүшкө чыгышты.

Количество просмотров: 222