• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жээнбеков боордун фиброзунун III баскычына чалдыкканын билдирди

25 Тогуздун айы 2021 17:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн сотто Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын бири Равшан Жээнбековдун ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдөн дарыланып келишине уруксат берүү өтүнүчү айтылды.

«Медициналык кароонун жыйынтыгы боюнча мага «3-деңгээлдеги фиброз» аттуу диагноз коюлду. Квалификациялуу медициналык дарылоо үчүн өтүнүчүмдү берем. Мен билдирип койгум келет — ден-соолугумдун абалы азыркы соттун жана бийликтин колунда», — деп билдирди соттук отурумда саясатчы.

Ал эми сот Азирет Медетов Жээнбековго диагноз койгон дарыгерди уккандан соң чечим чыгара турганын билдирди.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анын тарапташтары менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышып, бир офицер курман болгон.

Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы депутат Равшан Жээнбеков дагы абакта отурат. 2019-жылы камакка алынып, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин абактан бошотулган Жээнбеков ушул жылдын август айында кайрадан камакка алынган.

Количество просмотров: 1596