• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбеков БШКга нааразы

24 Жетинин айы 2020 16:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте президенттикке талапкер болууга Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген саясатчылар укуктары бузулуп жатканы жөнүдө маалымат жыйын өткөрдү. Президенттикке талапкерлердин бири Равшан Жээнбеков: «БШК логикага туура келбеген талаптарды коюп жатканын айтты.

«Мен талапкер катары кол чогултууга уруксатты кечээ күнү гана алдым. Кээ бир талапкерлер менден 2-3 күн мурун алды. Баарыбызда кыйынчылыктар бар. Мыйзам боюнча 30 миңден 60 миңге чейинки добушту 50 күндө чогултушубуз керек эле. Азыркы күндө кезексиз президенттик шайлоо болгондуктан 10-15 күндүн ичинде кол топтош керек экен. Бул физикалык жактан мүмкүн эмес. БШК логикага туура келбеген талаптарды коюп жатат»,-деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, 23-ноябрга карата президенттикке талапкерлердин тизмесинде 48 адам калды.БШКга башында 65 адамдан арыз түшкөн. Бирок талапкерликти көрсөтүү мөөнөтү аяктаганга чейин 2 адам арызын чакыртып алган. Андан кийин 63 талапкердин ичинен ар кандай себептер менен 15 адам жарыштан четтетилген.

Количество просмотров: 108