Президент Сооронбай Жээнбеков «2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган. Анда 2020-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 163 710,4 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 171 663,9 млн. сом суммасында бекитилди, республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 7 953,5 млн. сом суммасында белгиленди.
Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.