• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жээнбеков элди коронавируска жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды

30 Кулжа 2020 11:07 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү ант бергенден кийин сөз сүйлөдү. Мамлекет башчы эпидемиологиялык кырдаалга кайрылып, өзгөчө кырдаал режими, карантиндик чектөөлөр алынгандан кийин тескерисинче оору күчөп кеткенин ага жоопкерчиликтүү мамиле жасалбай жатканы менен байланыштырды.

“Чектөөлөр алынгандан кийин оору күч алып, медицина кызматкерлеринин буга чейинки кылган ишин жокко чыгара турган деңгээлге чейин жеттик. Буга айрым саясатчылардын “оору жок, бул бийликтин саясаты” деген жалган сөзүнө ишенип алган кээ бир мекендештерибиздин ооруга жоопкерчиликсиз мамиле кылуусу негизги себеп. Базарларда, соода борборлорунда жана башка коомдук жайларда адамдар санитардык талапты сактабай жүрүүсү күчөдү”, — деди ал.

Президент ошондой эле өлкөдө аш-тойго уруксат берилбесе да, көп киши чакырып аш-той өткөргөндөр болуп жатканы белгилеп, муну жалпы кыргыз элине кылынып жаткан кыянаттык деп атады.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жалпы элди коронавирус илдетинен сактанууга, медицина жана башка тиешелүү органдардын кызматкерлеринин күнү-түнү иштеп, кылган аракеттерин сыйлоого чакырды.

Бүгүн, 30-июнда өкмөттүн жаңы курамы Жогорку Кеңеште ант берди. Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сөз сүйлөдү.

Количество просмотров: 39