• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбеков Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

24 Аяк оона 2020 17:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча келечекке карай биргелешкен пландарды белгилешти.

Мамлекет башчылары ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алууга карата биргелешкен чараларды көрүү боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Количество просмотров: 43