• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Жээнбеков Индонезиянын президентине куттуктоо жөнөттү

18 Баш оона 202013:39 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 17-августта Индонезия Республикасынын президенти Жоко Видодону Индонезия Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстан Индонезия Республикасы менен достук мамилелерди жогору баалайт жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө чоң маани берет. Биргелешкен күч-аракеттер менен эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер бекемделе берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Жоко Видодого ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Индонезия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Количество просмотров: 81