• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбеков каза болгон Азимжан Аскаровдун иши боюнча пикирин билдирди

1 Баш оона 2020 15:34 Бишкек Govori.TV

Бул иш 2010-жылдан тартып Кыргызстандын элинин, дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп келди. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта «Биринчи радиого» курган маегинде укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, соттун ар кандай инстанцияларына эки тарап тең кайрылып жатты. Эл аралык норма дагы сакталды.

«Кыргызстанда мыйзам үстөмдүк кылыш керек. Ал эми мен сот чечимдерин комментарий кылганым туура эмес болуп калат. Азыркы пандемия шартында, тилекке каршы, көптөгөн жарандарыбыз каза болушту.

Ушул күндөрү, жакындарын жоготкон жарандарыбызга, ким болбосун, дагы бир жолу баарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жараткан Кудай жерибизге тынчтык, элибизге жакшылыктарды берсин деп тилейм. Ушул апаатты дүйнө эли менен бирдикте жеңели. Ар бир үйгө жакшылыктарды, ийгиликтерди каалайм», — деди ал.

Жаңы-Жер айылындагы №19 мекемеде жазасын өтөп жаткан Азимжан Аскаров буга чейин медициналык бөлүмгө алсыздык жана дене табынын көтөрүлүшү менен кайрылган. Бул маалыматты 24-июлда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы сайтында жарыялаган.

«Медициналык кызматкерлер тарабынан кароодон өткөндөн кийин бир нече жолу стационардык дарылоо сунушталган. Бирок Бишкек шаарындагы №47 дарылоо мекемесинин шартында дарылануудан Аскаров баш тарткан. Буга байланыштуу тиешелүү актылар түзүлүп, медициналык китепке киргизилген.

Стационардык дарылоодон баш тарткандыгына карабастан 24-июлда Азимжан Аскаров дарылануу үчүн №47 мекемеге которулган», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1309