• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбеков өкмөттүн алдындагы 3 негизги милдеттин айтты

30 Кулжа 2020 11:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти. Ага президент Сооронбай Жээнбеков да катышты.

Өлкө башчы өкмөттүн мүчөлөрүн антына бекем туруп, элге таза кызмат кылууга чакырды.

«Сиздердин ишиңер эл тарабынан кыска эле убакытта сыналат. Сиздердин алдыңыздарда 3 негизги милдет турат. Алар: азыркы глобалдык илдеттин кесепеттерин жоюу. Экономиканы калыбына келтирип, анын кесепеттерин жоюу жана келе жаткан шайлоону так өткөрүү.

Азыр буга чейин болбогондой өзгөчө кырдаалды башыбыздан өткөрүп жатабыз. Кадимки жай турмуш эмес, катаал турмуштун шартында иштеп жатабыз.

Азыркыга чейин вакцина табыла элек, илдеттен кутулуунун даяр жолу жок. Ар ким өз жолун издеп, түрдүү ыкмаларды колдонуп жатат. Биз кырдаалдан чыгыш үчүн элибиздин биримдигине таяндык», — деди президент.

Өлкө башчы оорунун коркунучу дале бар экенин жана жалпы дүйнө жабыркап, көпчүлүктүн айласы кетип жатканын белгиледи.

Количество просмотров: 84